• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Абактагы Данияр Нарымбаев «Бикард» жеке клиникасына которулду

13 Теке 2021 13:04 Бишкек Govori.TV

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагынан Бишкектеги «Бикард» жеке клиникасына которулду. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыкты. Ага ылайык, Нарымбаевдин саламаттыгы начарлап кеткен жана сот аны ооруканага которуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган.

Азырынча анын жактоочулары жана жакындары расмий комментарий бере элек.

Өткөн айдын аягында Нарымбаевди шаардык сот 31-июлга чейин абакта калтыруу жөнүндөгү райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. УКМК Нарымбаевге “Кумтөр ишине” байланыштуу “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

Количество просмотров: 113