• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек шаардык соту Нарымбаевди камакта калтырды

11 Баш оона 202115:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевди камакта калтырды.

Сот мындай чечимди бүгүн, 11-августта Нарымбаевдин адвокатынын апелляциялык арызын карагандан кийин чыгарды.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Нарымбаевди 30-сентябрга чейин абакта калтырган. 9-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны “Кумтөр ишине” байланыштуу айыптап, “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Нарымбаев учурда коронавирус менен ооруп Бишкектеги «Бикард» жеке клиникасында дарыланууда.

Количество просмотров: 128