• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президенттин аппаратынын жетекчиси эл аралык кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери менен жолукту

29 Жалган куран 2020 16:58 Бишкек Govori.TV

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргыз Республикасында иштеп жаткан кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышты.

Ал кайрымдуулук фонддорунун жетекчилерине акыркы мезгилде саламаттыкты сактоо мекемелерине көрсөткөн жардамы үчүн, айрыкча өпкөнү жасалма желдетүүчү шаймандар жана рентген аппараттары, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздап, ошондой эле ыкчам тесттерди жана башка коронавируска каршы күрөшүү каражаттарын бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле коронавирустун жайылышына байланыштуу өлкөдө түзүлгөн кырдаалдын алкагында көрсөтүлүп жаткан жардамдарды координациялоо, өзгөчө калктын аярлуу катмарына жеткирүү маселелери талкууланды.

Кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам түзүлгөн кризистик кырдаалга байланыштуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришип, араб кайрымдуулук фонддору буга чейин да аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жигердүү жардам көрсөтүп келгендигин белгилешти. 

Алар ошондой эле даректүү жардам көрсөтүү максатында  Бишкек шаарынын айрым райондорунда жүрүүгө чектөөлөрдү алып салуу боюнча маселелердин чечилгендигине байланыштуу ыраазычылык билдиришти.

Зарыл болгон медициналык-техникалык шаймандарды, медициналык коргонуучу каражаттарды жана экспресс-тесттерди берүү иштери улантылат.

Калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына, анын ичинде мамлекеттик органдарда каттоодо турбаган үй-бүлөлөргө да жардамды кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Жолушууга «Рисаля», «Human Appeal International», «Ассалам», «Ас Сафа борбору», «Жаштардын дүйнөлүк ассамблеясы», «Ассанабилл», «ИТАР» жана «Катар кайрымдуулук фонду» кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери катышты.

Количество просмотров: 101