• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаровдун атын жамынып, ири өлчөмдө акча алгандар кармалды (сүрөт)

4 Кулжа 2021 11:15 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун бир тууганынын атынан жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө акча алып жаткан шылуундар кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдары менен байланышы жана жеке тааныштыгы бар делген фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы аныкталды.

Такталгандай, «А.М.Б.» жана «Б.У.М.», Кыргыз Республикасынын президенти Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун атын жамынып алып, алдамчылык жол менен жана адамдардын ишенимине кирип алып, калктын керектөөчү товарлары бар контейнерлерди экспорттоо маселесин чечүү үчүн, өзгөчө ири суммадагы 1 250 000 АКШ доллар өлчөмүндөгү Казакстандын аймагында жайгашкан «M.T.A.» аттуу жарандын каражатын ээлеп алууга аракет кылганы аныкталды.

Аталган факт боюнча КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Алдамчылык») фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

2021-жылдын 3-июнунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, талап кылынган суммадан каражаттын бир бөлүгүн алгандан кийин, «А.М.Б.» жана «Б.У.М.».кармалды.

Кармалган «А.М.Б.» КР УКМК тергөө камак жайынны убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат.

КР УКМК мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын аты-жөнүн жана абройун кылмыштуу максаттарда колдонгон адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын чегинде катаал чаралар көрүлөрүн эскертет.

Ушундай фактылар болгон учурда 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 КР УКМК нөөмөт бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Количество просмотров: 2735