• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президенттин “Эл үмүтү” стипендиясын алууга тогуз студент тандалган

28 Жетинин айы 2022 15:17 Бишкек Govori.TV

Президенттин “Эл үмүтү” стипендиясын алууга тогуз студент тандалган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, «Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу жүргүзүлгөн.

“Анын негизинде тогуз талапкер аныкталды. Аларга 30 млн сомдон ашык суммага стипендия катары каражаттар төлөнүп берилди. Жаштарыбыз, магистранттарыбыз Колумбия, Стенфорд, Лондон, Пенсильвания, Копенгаген, Жон Хопкинс, Техас университеттерине өтүшкөн. Кийинки жылы дагы стипендияларды бергенге даярбыз”, — деди министр.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-майында президент Садыр Жапаров “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын уюштурууга кол койгон. Ага ылайык, дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн кыргызстандыктарга стипендия төлөнө баштайт.

Количество просмотров: 152