• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров Асман шаарын курууда инвесторлорду кызматташууга чакырды

30 Кулжа 2023 13:31 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Асман шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде инвесторлорду кызматташууга чакырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө шаар курууга каралган жерден инвесторлорго чоң-чоң жер тилкелери бөлүнөрүн, аларга мамлекет тарабынан 100 пайыз кепилдик бериле тургандыгын баса белгиледи.

«Долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик бере алам. Асман акылдуу шаарын курууга катышам деген башка дагы инвесторлор болсо, азыр дагы кучак жайып тосуп алууга даярбыз. Келгиле, биздин уникалдуу долбоорубузга катышкыла, кыялыбызды ишке ашырып, акылдуу шаар куралы.

Акылдуу шаарыбыз эл жашаган конуш-жай же жумуш орундары эле эмес, инновациянын, экологиялык туруктуулуктун жана социалдык өнүгүүнүн символу болсун», — деген мамлекет башчысы башкаларга мындай жаратман иштер боюнча үлгү бололу деди.

Эске салсак, бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдө Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салынды. Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Аянты 4 миң гектарды түзөт.

Тыштан келген инверсторлор сала турган Асман эко-шаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулат. Заманбап Асман экологиялык таза шаарын 7-10 жылда куруп бүткөрүү пландалууда.

Количество просмотров: 103