• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президенттин маалымат жыйыны башталды

25 Бештин айы 2019 11:02 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп баштады.

Жыйынды президент өзүнүн даярдаган текстин окуп баштады. Анда эки жылдын ичинде өлкө кандай жыйынтыктарга жеткени тууралуу айтып берди.

Маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өттү. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.

Маалымат жыйыны түз эфирде КТРК жана «Ала-Тоо 24» каналынан, ошондой эле аталган каналдардын You Tube жана Facebook баракчаларында көрсөтүлөт.

Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны Бишкек шаарындагы мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жатат.

Количество просмотров: 65