• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Президенттин маалымат жыйынында азербайжандык аксакал сунуш берип чуу жаратты

25 Бештин айы 2019 14:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-декабрда президент жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынды Бишкек шаарында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөрду.

Президенттин убактысы ченемдүү болгондуктан залдагы айрым журналисттер суроо берүүгө жетишпей калышты. Ал эми маалымат жыйын жыйынтыкталып жаткан учурда Президент Жээнбеков «улам-улам кол көтөрүп жатат суроосун берип алсын» деп залдагы аксакалга кезек берди.

Ал эми микрофонго чыккан азербайжандык аксакал «сизди биз сыйлабыз, экинчи президенттик мөөнөткө барыныз» деген сунушун берип чуу жаратты.

Жээнбеков сизге кезекти жөн эле бериптирмин деп, сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бузду. Мындан соң маалымат жыйын аяктап, Президент келген ММК өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Кошумчалай кетсек, жыйынга катышуу үчүн 188 журналист аккредитациядан өткөн. Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болсо, 28и —Тышкы иштер министрлигинде катталган 15 чет өлкөлүк ММКнын журналисттери.

Количество просмотров: 5609