• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президенттин медиа жана журналистика жаатындагы «Мейкин» сыйлыгы уюштурулду

12 Кулжа 202413:43 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысын уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

  1. КР президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысы уюштурулсун.
  2. КР президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы менен макулдашуу боюнча үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитсин.
  4. КР президентинин Иш башкармасы президенттин фондунан президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысынуюштуруу боюнча байге фондун түзүү жана башка чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды карасын.
Количество просмотров: 115