• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президенттин милдетин аткаруучу Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун кеңешине катышат

10 Жетинин айы 202010:38 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Россия Федерациясынын төрагалыгы астында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы кеңешине катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу пландаштырылууда. Жыйын соңунда бир катар жыйынтык документтер кабыл алынат.

Бүгүнкү күндө уюмдун мүчөлөрү— Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Байкоочу мамлекеттер: Афганистан, Беларусь, Иран, Монголия.

Количество просмотров: 181