• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары акча алып жаткан тасма тарады. Ага өзү эмне дейт?

14 Чын куран 2023 9:45 Бишкек Govori.TV

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловго окшош адамдын акча алып жаткан видеосун, Марат Уралиев аттуу жаран социалдык баракчасына жайгаштырган.

«Албы же ал эмесби? Данияр мырза социалдык тармактарда озунун окмоттук кызматтагы ишинен отчет берип, арам оокатка азгырыларын ойлобопмун. Бул жагы эми кандай болуп калат?»,-деп суроо салган.

Бул тууралуу Данияр Жаныбеков өзү үн катып, видео бир жыл мурун тартылганын билдирип, акча алууда эч кандай жаман нерсе болбогонун айтты. Анын айтымында  ооруканада жаткан учурунда сурап келе албай калгандыгы үчүн «чай ичип кой»,-деп берген акча болчу.

«Былтыр бутумдан операция болуп ооруканага жатып чыккам. Биринчи кирген адам Керим Макеев деген байкебиз. “Абалыңды сурап бара албадым, ушул акчага чай ичип кой” деп, анан бир жумуш дайындаган, бир маселе болуп жатат жардам бер деп. Колдон келишинче аракет кылам дегем. Коррупциялык элемент же башка маселе жок.

Кара-Суунун акимине элден келген арыздарды бергем. Андай кайрылууларды минтип конверттерге салып жөнөтүшөт.

Маалымат катчыга карматкан акча боюнча. Ош облусун өнүктүрүү боюнча 15 мүнөттүк ролик тартуу үчүн жеке компанияларды жалдап 2000 долларга сүйлөшкөнбүз. Сомго которгондо 140 миң болот экен, ошонун 100 миң сомун берип жаткам»,-дейт Жаныбеков.

Количество просмотров: 774