Бишкек.17.02.2018.Govori.TV
Президенттин иш башкармалыгы президенттин сүрөтү канча сом турарын айтты.
Көпчүлүк мамлекеттик кызматтар президенттин сүрөтүн сатып алууга тендер жарыялаган. Мисалы Жайыл районунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана ооруларды профилактикалоо борбору президенттин сүрөтүн 3200 сомго сатып алууну пландоодо.
Бакай-Ата социалдык фонду желек, герб жана сүрөттү сатып алууга 3 миң сом бөлдү. Жалал-Абад мэриясы сүрөттөрдү сатып алууга 9100 сом бөлгөн.
Иш башкармалыктын маалыматы боюнча президенттин сүрөтүнүн баасы 650 сом турат. Аны иш башкармалыктан сатып алса болот. Жалпы 1300 сүрөт буйрутма берилген. 330 даана сүрөт бар.