• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президенттин жаңы резиденциясын “Кыргызкурулушсервис” салат

25 Кулжа 2022 10:28 Бишкек Govori.TV

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна түшө турган администрациялык имаратты куруу долбоорун президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырат. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Мурдараак президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча түзүлгөн дирекцияны жоюу чечими кабыл алынганы бегилүү болгон.

«Буга чейин эскиздик долбоорун иштеп чыгуу сынагын жеңип алган “Архи-Вижн” ЖЧКсы азыркы учурда долбоордук-сметалык иштерин жүргүзүүдө. Долбоорлоо аяктагандан кийин инвесторлор тартылып, түздөн-түз объектинин курулушун жүргүзө турган аткаруучу аныкталат», — деп маалыматта айтылат.

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча дирекция өткөн жылдын соңунда түзүлгөн. Аталган ишкана «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салына турган жаңы Ак үйдүн курулушун жүргүзмөй болгон. Ишканага жетекчи болуп Марат Турсунбеков дайындалып, курулуштун бюджети этап-этабы менен иштелип чыгып, долбоордун баасы жарым жылда белгилүү болоорун билдирген. Иш параллелдүү долбоорлоо мыйзамына ылайык жүрүп жатканын, эгер Бишкектин түштүк бөлүгүнөн берилмей болгон 16 гектар жер курулуштун акчасынан ашып кетсе, айырмасы төлөнүп берилерин кошумчалаган.

Количество просмотров: 584