• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президенттин жарлыгын жерде калтырган Ысык-Көлдүн аткаминерлери

9 Кулжа 2022 14:55 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров , 2023-жылдан тарта Ысык-Көлдө канализация системасы жана тазалоочу курулмасы жок пансионат, эс алуу үйлөрүнүн иштөөсүнө тыюу салып, «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.


Жарлыкта учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүп жатканы айтылат. Ага тез арада чара көрбөсө, экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүндүгү баса белгиленген.


А бирок, президенттин жарлыгы кагаз үстүндө эле калып, реалдуулукта эч кандай жыйынтык байкалбайт. Анткени, «Govori.TV» агенттиги жарлыкты аткарууга милдеттендирген мекемелерге кайрылып, эч биринен алгылыктуу иш алып барып жаткандыгы тууралуу маалымат ала алган жок.


Чолпон-Ата шаарынын мэри Бердибек Иманбеков, өзү башкарган шаарда жогоруда айтылгандай маселенин жоктугун белгилеп, антсе да атайын түзүлгөн комиссия менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.


Ал эми Балыкчы шаарынын Мэриясынын маалыматына таянсак, суу түтүгү, канализация системасы жана тазалоочу курулма менен камсыздалбаган эс алуучу жайлар жок.


Каракол шаарында бул жарлыктын негизинде жаңы канализация системасы жана тазалоочу курулма курулуп жатыптыр.


Ар кандай ооз-эки маалыматтарды берген менен, эч кандай тастыктоочу сүрөт же видео материалдарды бере алышпады.


Кошумчалай кетсек, аталган жарлыкты аткаруу милдети Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына, Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине жүктөлгөн.

Количество просмотров: 1919