• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Момбеков: “Азыркы президент Жээнбековдун жанындагылар эртең биринчи кезекте сатып кетет”

29 Тогуздун айы 2018 18:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.10.2018. Govori.TV
Учурда президентке жакын болуп «таасир берем» деген депуттар бар. Кимдер кимге таянып, кимден аянып калганы элге маалым. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.
Анын айтымында, азыр «жогору жак эмне дейт экен» деген көрүнүш мурдагыдай эмес. Мурда президенттин аппаратынан фракция лидерлерине өзгөчө команда берилчү.
«Орчундуу мыйзамдарды кабыл алдырууда фракция лидерлери ачык эле депутаттарды аралап жүрдү. Мурда фракцияларды Ө.Бабанов, Ө.Текебаев сыктуу таасирдүү саясатчылар жетектеп турчу. Азыр андайлар жок. Баары бир атанын балдарындай камыр-жумур отурушат», — дейт Момбеков.
Ал буга кошумча, президент анын саясатка айткан сындарынын барын туура кабыл аларын белгиледи.
«Жээнбеков өкмөт башчы болгондо да катуу сындарды айткам. Жээнбеков менен 20 жылдан ашуун жеке мамиледебиз. Ал мага таарынбайт», — дейт Момбеков.
Булак: “Марал” радиосу
Количество просмотров: 49