• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Курултайда акыркы эки президенттин иши бааланат

13 Жетинин айы 2018 14:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.11.2018. Govori.TV
«Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең» аталыштагы курултайдын уюштуруучулары экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду чакырышты. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигинде өткөн жыйында билдиришти.
Кошумчалай кетсек, курултайда азыркы президенттин 1 жылда жасаган иши, экс-президенттин 6 жылда аткарган жумуштары талкууга алынат. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттардын ишмердүүлүгү жана өлкөдөгү коомдук, саясий окуялар тууралуу маселелер каралмакчы.
Уюштуруу комитетинин мүчөсү Айбек Бусурманкулов Сооронбай Жээнбеков курултайга катышат деген үмүтүн айтты.
«Биз президенттин ЖМК жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен 3 сааттык жолугушууларына барганын билебиз. Курултайга саясий партиялардын өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер келишет. Мамлекет башчы өлкөнүн саясий күчтөрү менен кездешет деген ойдомун», -деди ал.
Уюштуруу комитети азырынча Алмазбек Атамбаевден жооп ала элек. «Аны менен Равшан Жээнбеков сүйлөшкөн. Ал бизге КСДП партиясынын өкүлдөрү сөзсүз катыша тургандыгын айтты. Ал эми мурунку президенттин катышып же катышпай тургандыгын билбейбиз», -деди комитеттин мүчөсү Кеңешбек Дүйшебаев.

 

Количество просмотров: 30