• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Президенттин ЖКдагы мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев акталды

8 Кулжа 202217:37 Бишкек Govori.TV

Президенттин парламенттеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев акталды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук соту тастыктады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 24-майындагы өкүмүнө ылайык, Д.К.С. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (2017-жылдын 2-февралындагы редакциясы) 204-беренесинин 3-бөлүгү жана 320-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча күнөөсүз деп табылып, анын аракеттеринде аталган кылмыштардын курамы болбогондугу үчүн акталды.

Эске салсак, Курманбек Дыйканбаев 2020-жылдын 24-ноябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмышка шектүү катары кармалган.

Количество просмотров: 151