• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президенттин жолугушуу учурундагы сөзү: «Биз үчүн Өзбекстан руху жагынан коңшу, чыныгы дос жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш»

27 Үчтүн айы 2023 14:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу аземинде сөз сүйлөдү.

Садыр Жапаров өз сөзүндө:

«Урматтуу Шавкат Миромонович! Урматтуу Өзбекстан Республикасынын делегациясынын мүчөлөрү! Дагы бир жолу сиздерди Бишкектен көрүп турганыма чын жүрөктөн кубанып турам. Сиздерди биздин меймандос жергебизде мамлекеттик визит менен тосуп алуу биз учун зор кубаныч. Кыргызстан бир тууган Өзбекстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө ар дайым өзгөчө маани берет. Биз үчүн Өзбекстан руху жагынан коңшу, чыныгы дос жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш. Муну салт боюнча абдан жылуу, ачык жана достук кырдаалда, өз ара түшүнүшүүнүн жана конструктивдүү маанайдагы биздин жолугушуубуз дагы бир жолу далилдейт.

Биринчиден, бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жогорку, стратегиялык деңгээлде экендигин дагы бир жолу зор кубаныч менен белгилегим келет. Биздин мамлекеттердин ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз достуктун, бир туугандыктын жана жакшы коңшулаштыктын негизинде эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектрин мындан ары да кеңейтүүнү камсыз кыла турганыбызды ачык айтсак болот. Мамлекеттер аралык мамилелерде маанилүү роль ойногон эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары прогрессивдүү өнүгүүсүн улантууда.

Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк. Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын бекем жана ишенимдүү өнүгүүсү жана бакубаттуулугу үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем.

Урматтуу Шавкат Миромонович, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө Сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет. Мындай орчундуу окуя ушул мамлекеттик визиттин алкагында Келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен камсыз боло тургандыгы өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Биз ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коебуз жана муну менен өз ара мамилебизди кызматташуунун болуп көрбөгөндөй деңгээлине чыгарабыз.

Урматтуу Шавкат Миромонович, үстүбүздөгү жыл Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерде юбилейлик жыл менен белгиленип жатат. Тактап айтканда келерки айда, 16-февралда биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилейбиз. Юбилейлик жылда союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюу менен мамлекеттер аралык мамилелердин статусун көтөрүүнү жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүү маанилүү деп эсептейм. Тиешелүү документтерди даярдоону эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтерине тапшырууну сунуштайм.

Урматтуу Шавкат Миромонович, Биз соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана эки тараптуу сооданы көбөйтүү боюнча биргелешкен ишибизди улантууну көздөп жатабыз. Акыркы жылдары өз ара соодада оң тенденция байкалды. Ошону менен бирге биз бул жаатта бизде али пайдаланылбай жаткан олуттуу потенциал бар экендигин моюнга алуу керек. Буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында бүгүн биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнү караган эки тараптуу документтерге кол коюлат. Өлкөлөрүбүздүн вице-премьер-министрлери баш болгон ыйгарым укуктуу органдар тоо-кен тармагында, өнөр жай кооперациясында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, энергетикада, курулушта, инфраструктурада жалпы суммасы бир жарымдан ашык биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча бир топ иштерди аткарышты.

Биздин өлкөлөр биргелешип ишке ашыра турган долбоорлордун көлөмү таң калтырат. Пландаштырылган долбоорлор жакынкы аралыкта жана толугу менен ишке ашат деп ишенем. Албетте, инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн каржылоо талап кылынат. Бул багытта өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонсок болот. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду, анын ичинде Кызыл шаарында түзүү боюнча биргелешкен ишкананы каржылоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет. Кызыл-Кыя, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу. Фонд өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калат деп күтөбүз.

Биргелешкен долбоорлор биздин өлкөлөрдүн чек арага жакын аймактарынын калкынын жана өнөр жайынын муктаждыктарын канааттандырууга, эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берип, логистикалык чынжырды өнүктүрүүгө жана башка тармактардын өнүгүү потенциалын ачууга жардам берет деп ишенем.

Биз ошондой эле ишкерлер менен өлкөлөрүбүздүн аймактарынын ортосунда түз бизнес байланыштарды кубаттайбыз. Кечээ, 26-январда биздин өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун 200дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстан-Өзбекстан” өкүлчүлүк бизнес-форуму болуп, анда кызматташуу маселелери талкууланып, келечекке чоң милдеттер коюлган. Буга байланыштуу мен катышкандыгым үчүн ыраазычылык билдиргим келет»,-деп аяктады сөзүн президент,

Количество просмотров: 77