Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин 28-ноябрдагы жыйынында депутат Улан Примов мамлекеттик герб менен гимнди да өзгөртүү тууралуу элден сунуш түшкөнүн айтты.
«Ачыгын айтуу керек, эл тарабынан керек болсо мамлекеттик гимнди да өзгөртүү боюнча көп сунуштар келди. Герб боюнча туура эмес тартылган деп айтып жатышат», — деди Примов.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев мамлекеттик символдор учурдун талабына ылайык өзгөрүп турушу керек деген пикирин ортого салды.
«Мисалы, бүгункү күндө бизде пахта өсөт, эртең өспөй калса, гербди өзгөртүүгө туура келет, учурдун талабына ылайык, өзгөртүп турган туура», — деди Азыгалиев.