Сот электрондук билерикти чечүүгө аракет кылган жарандын пробациясын жокко чыгарды.
Пробация департаментинен пробация милдеттерин бузуу, жокко чыгарууга аракет кылгандар эркинен ажырашы мүмкүн экенин билдирди.
Департаменттин маалыматына караганда, Нарын облусунун 1979-жылы туулган А.Ж.
аттуу тургуну КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал
келтирүү) боюнча 7 жылга эркинен ажыратылып, 4 жылга пробациялык көзөмөлдү
колдонуу менен жазадан бошотулган.
«Пробациянын талаптарын аткарбай, кай жерде жүргөнүн аныктаган электрондук билерикти атайлап бузуп, мас абалында билерикти чечүүгө аракет кылганы үчүн Нарын шаардык соту А.Ж.га карата пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарып, эркинен ажыратуу жазасын берген. Ал кармалып, белгиленген жазасын өтөөгө жиберилди»-деп жазылат маалыматта.