• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Зөөкүрлөрдү коё беришти. Эмне үчүн пробация жакшы иштебей жатат?

15 Бештин айы 202315:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулардын катышуусунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери талкууланды.

Диалогдук жыйында турмуш-тиричиликте зомбулук жасаган жарандар үчүн коррекциялык программаларды колдонуу жолу, пробация маселеси талкууланды.

Пробация департаментинин статистикалык маалыматына ылайык, 2022-жылы 5 жаран пробациялык көзөмөлгө алынса, 2023-жылы 10 адамга пробациялык көзөмөл чарасы колдонулган.

Жогорку Кеңештин Винера Райымбачаева зордук-зомбулук менен жапа тырмак күрөшүү керектигин айтты.

«Зордук-зомбулук маселеси абдан курч бойдон калууда. Акыркы Аселдин окуясы баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Мындай окуялар кайталанбаш керек»,-деди депутат.

Количество просмотров: 153