• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Профилдик комитет ЖМК мыйзамын колдоду

17 Жалган куран 202513:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-марттагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорун Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга болгон укугун ишке ашырууга, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салууга, ошондой эле көз карандысыз, жооптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө боло турган жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган.

Комитет мүчөлөрү долбоордун концепциясын талкуусуз бекитишти. Комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, комитет долбоордун парламенттик угуусун өткөрөт.

Количество просмотров: 171