Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.
Бүгүн, Бишкектеги Жогорку соттун алдында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кызматкерлери ачкачылык акциясын жарыялашты.
Акцияга чыккандар Кыргызстан профсоюздар федерациясында жазылган мыйзамга жаңы өзгөртүү киргизүүгө толук каршы экендигин билдиришти. Андан тышкары, профсоюздун төрагасы Мирбек Асанакуновго карата чыккан соттордун буга чейинки чечимине ылайык, жогорку соттон дагы кызмат ордунан четтетүүнү талап кылышууда.
Аталган акция кече түшкү саат 12:00дө башталган. Ал эми ачкачылык жарыялагандар өзүн тааныштуруудан жана бизге интервью берүүдөн баш тартышты.
Эске салсак, 17-июнда Горкий паркына боз үй тигип, ачкачылык жарыялайбыз деген профсоюзчулардын мүчөлөрүн укук коргоо органдары Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кармап кеткен эле.