Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы “Апрель” телеканалын жабуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу “Апрель” каналы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында эле телеканалдын ишмердиги боюнча үч экспертиза жүргүзүлгөн, Юстиция министрлигинин соттук-эксперттик кызматынын, Саламаттык сактоо министрлиги алдындагы республикалык психиатрия жана наркология кызматынын экспертизасы жана Улуттук илимдер академиясынын экспертизасы жүргүзүлгөн. Аталган үч экспертизаннын жыйынтыгы боюнча “Апрель” телаканалынын бардык материалдарында азыркы бийликке карата терс пикирлер орун алгандыгын айтылган.
“Терс пикирлердин сарказм, шылдың, видео коллаж, телеканал алып баруучуларынын экспрессивдүү сөзү жана мимикасы ошол берүүлөрдү көргөн адамдарга Кыргыз Республикасынын азыркы бийлигин жаман көрсөтүп, алардын кадыр-баркына доо кетирип, шек саноого алып келет”-деп айтылат билдирүүдө.