• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Турсунбек Акун: «Апрель ТВ» телеканалына болгон доо-арызымды албайм

3 Аяк оона 2019 12:22 Бишкек Govori.TV

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун «Апрель ТВ» телеканалына болгон доо-арызын кайтарып албайт. Бул тууралуу ал Govori.TV агенттигине билдирди.

«100 миң доллар пара алган деп айткандары жалган. Бул менин аброюма шек келтирүүдө. Менин пара алганымды далилдесин, болбосо тиешелүү жазаларын алсын»,-деди Турсунбек Акун.

Эске салсак, Турсунбек Акун мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата 100 миң сомдук доо-арызын артка кайтарып ала турганын буга чейин билдирген. Айтымында, Алмазбек Атамбаев камакта. Ага өтө оор делген беренелер боюнча айып тагылууда. Мындан улам, мурунку президент кылган иштерине жооп берет.


«Мындан улам, жарандык тартипте аны менен жалган жалаа боюнча соттошкондун мааниси жок. Ал мени 100 миң доллар пара алган деп айткандары жалган. Жакында муну далилдешет»,-деди Турсунбек Акун.

Количество просмотров: 37