• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Прокуратура: “Кадастрдын” кызматкерлери мамлекетке 15,6 млн сомдук зыян келтирген

13 Чын куран 2022 11:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн алкагында жер тилкесине укук берүүчү документти мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө аталган филиалдын кызматкерлери кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, жер тилкесине соттук чектөө тургандыгына карабастан мыйзамсыз сатуу-сатып алуу келишимдерди катташкандыгы аныкталды. Ошондой эле, алар мыйзамсыз аракеттерин жашыруу максатында, эч кандай укук аныктоочу документтердин жоктугуна карабастан, муниципалдык менчиктеги турган жер тилкесине жеке менчик жөнүндө мамлекеттик акт даярдашкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө мамлекетке 15 млн 676 миң сомдук жер тилкеси кайтарылган.

Количество просмотров: 91