• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Прокуратура “Кыргызавтожолдун” кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду

25 Чын куран 2023 13:57 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура тарабынан “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан “Кыргызавтожол” жана №32 Жол тейлөө ишканаларында текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө, №32 Жол тейлөө ишканасына караштуу Жел-Арык битум базасына 2022-жылы жалпы 4 551,245 тонна битум кириштелип, 4 100,6 тонна “Кыргызавтожол” МИ караштуу жол тейлөө ишканаларына таркатылып берилип, бирок 300,6 тонна битумдун калдыгы белгисиз себептер менен жок кылынгандыгы аныкталган.

«Натыйжада, “Кыргызавтожол” МИ жана №32 ЖТИнин жооптуу кызмат адамдары кызмат абалдарынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, жеке пайда табуу аракеттеринин жыйынтыгында мамлекетке жалпы 17 млн. 333 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 96