• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Прокуратура органдары мамлекеттин пайдасына 7 млн сом өндүрдү

21 Кулжа 2021 16:50 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин талаптарын бузуу менен мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилген фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-жылы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы тарабынан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуртпастан жоопкерчилиги чектелген коомдордун бирине 168,5 гектар жер тилкесине убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилгендиктен, мамлекетке 5 млн 156 миң 477 сомдук зыян келтирилгендиги такталды.

Мындан тышкары, Аксы районуна караштуу Ак-Суу айыл өкмөтү тарабынан 2017-жылы убактылуу пайдалануу үчүн жоопкерчилиги чектелген коомдордун бирине 20,81 га жер тилкеси берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин 2 млн 404 миң 429 сомдук айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын орду толтурулган эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү органдарга прокурордук акт келтирилип, анын негизинде 7 млн 560 миң 906 сом акча каражаты мамлекеттин пайдасына толугу менен өндүрүлдү.

Количество просмотров: 119