• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Прокуратура: Саламаттык сактоо министри түзгөн келишим казынага 55 млн сом зыян келтирген

4 Кулжа 2022 15:06 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөп, мамлекетке каршы контракт түзгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады.

Прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түзгөн пайдасыз келишим мамлекеттин казынасына 55 миллион сом зыян келтирген.

«2021-жылдын 8-июлунда Бахрейндин M.V.ch компаниясы менен Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик мекемелерге акысыз кызмат көрсөтүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Бирок ага карабастан министрликтин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен чогуу тендер өткөрбөй туруп, Түркиянын TC. I. T. компаниясы менен келишим түзүп, аларга 54 миллион 836 миң 316 сом которгон», — деп жазылган маалыматта.

Прокуратура Бахрейн компаниясы менен түзүлгөн меморандум боюнча долбоор бекер ишке ашмак экенин белгилеген.

«Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жеке кызыкчылыктарды көздөп дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын орнотууда атайылап пайдасыз келишим түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренелери (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин тергөө аяктаганча деп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан убактылуу четтетилген. Башкы прокуратура ага 7 кылмыш ишин козгоду.

Количество просмотров: 568