• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Прокуратуранын атын жамынып алдамчылык кылган адам кармалды

18 Тогуздун айы 202421:15 Бишкек Govori.TV

КР Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгына А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ал өзүн Аскер прокуратурасынын 4-бөлүмүнүн башчысы катары тааныштырган Султанов Акылбек аттуу жаран анын ишениминен кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алгандыгын көрсөтүп, чара көрүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратура өзү маалымдады.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул сыяктуу фактылар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана соттолгон Ш.А.Т. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

КР Аскер прокуратурасы жогорудагы адам тарабынан алданган учурлар болсо, Бишкек шаары, Токтоналиев көч., 2/1 дареги боюнча КР Аскердик прокуратурасынын Тергөө башкармалыгына кайрылууну өтүнөт.

Количество просмотров: 231