• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Прокуратуранын тергөөчүсү, адвокат жана аудитор 100 миң сом пара менен кармалды

14 Бештин айы 2022 17:13 Бишкек Govori.TV

100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү А.М.Ш., адвокат Т.З.М. жана жеке аудитор Т.С.Т. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргызстандын Б.К.С. аттуу жаранына карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 198