• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Прокурор Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы үчүн алты жылдык абак жазасын сурады

15 Аяк оона 202315:12 Бишкек Govori.TV

Прокурор соттон Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы, ишкер Кайрат Боранбаевди мүлкүн конфискациялоо менен алты жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Бул тууралуу «Власть» сайты кабарлады.

Мамлекеттик айыптоочу мындан тышкары бул иштин фигуранттары эсептелген Роман Наханов үчүн алты, Тайыр Жанузак үчүн беш жылдык абак жазасын сурады.

Күн мурун Казакстандын Каржы көзөмөлү боюнча агенттиги Боранбаев 255 миллион доллардан ашык суммага бааланган активдерин мамлекетке кайтарып бергенин билдирген.

Августта казак басылмалары Боранбаевдин адвокатына шилтеме кылып, ишкер тергөө менен кызматташууга макул болгонун кабарлашкан. Анда тергөө менен түзүлө турган келишимге ылайык, Кайрат Боранбаев күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген сумманы төлөп берсе, абакка камалбай турганы айтылган.

Быйыл 31-мартта Астананын Сарыарка райондук соту Кайрат Боранбаевди мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыраткан. Ал «Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу» жана «Кылмышуу жол менен алынган акчаны адалдоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Бул иштин алкагында Боранбаевдин ишенимдүү адамы Роман Наханов менен QazaqGaz улуттук компаниясынын башкармалыгынын мурдагы төрага орун басары Тайыр Жанузак да сегиз жылга соттолгон.

Кийинчерээк Астананын кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы Боранбаевге жана анын шериктерине чыккан бул өкүмдөрдү жокко чыгарган.

Кайрат Боранбаев 2022-жылы мартта «квазимамлекеттик тармактан өзгөчө ири көлөмдө каражат уурдоо» шеги менен кармалган. Forbes журналынын казак версиясы Боранбаевди Казакстандын эң таасирдүү ишкелеринин тизмесинде 5-сапка жайгаштырган. Басылма анын байлыгын 590 миллион долларга баалаган.

Расмий маалыматтар боюнча 238 кишинин өмүрүн алган кандуу Январь окуясынан кийин Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин жана анын жакын санаалаштарынын мамлекетти башкаруудагы таасири кыйла азайганы айтылып келет. Өткөн жылдын башынан бери Назарбаевдин айрым туугандары жетектөөчү кызматтардан кол жууса, башкалары коррупциялык беренелер менен камакка алынган.

Количество просмотров: 99