• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Прокурор Көлбаевдин апасын 10 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке өткөрүнү суранды

3 Баш оона 202413:45 Бишкек Govori.TV



Бишкектин Октябрь райондук сотунда 2-августта Мая Алиевага (Камчы Көлбаевдин апасы) карата козголгон ишти караган соттук отурум өттү. Ал КР Кылмышжаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (000кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу , адалдоо) айыпталууда.


Отурумда прокурор К.Акунова М.Алиеваны 10 жылга эркинен ажыратып, бул иштеги объектилерди мамлекетке өткөрүп берүүнү сунуштады. Жактоочулар айыпталуучунун таламын талашууга даярдык көрүүгө убакыт сурашты. Сот сунушту канааттандырды.

Сот прокурордун сунушун канааттандырды. Буга чейин айыпталуучунун жактоочусу Бактыбек Жумашев социалдык тармактагы баракчасында соттук процесс айыпталуучунун ден соолугуна, абалына карабай, одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын билдирген.

Количество просмотров: 416