Жумушун аткарып жаткан учурда күч колдонууга кабылган Психикалык ден соолуктун республикалык борборунун балдар психиатры кызматын таштап кетти. Бул тууралуу медкызматкерлердин кесиптик кошуундарынын төрайымы Бермет Барыктабасова соцтармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, баласын көрсөтүүгө келген аял дарыгерге нааразы болуп, дарыгерди иш бөлмөсүнөн эч жакка чыгарбай камап, борбордун жетекчиси менен милиция кызматкерлери келгенче кармап олтурган.
«Эне дарыгерге анын баласын 15 мүнөт гана карап, ал эми ага чейинки баланы 1 сааттай караганына нааразы болгон. Ал «Мен каалаганча отурасың, менден уурдаган убакытты кайтарып бересиң» деген. Бирок балада эч кандай татаал диагноз болбогондуктан, дарыгер аны бат эле кароодон өткөргөн», — деп жазат ал.
Барыктабасова кошумчалагандай, окуя боюнча дарыгер милицияга кайрылган, бирок азырынча жыйынтык чыга элек.