• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Публикага ойногон жокмун». Эки депутат кайым айтышты

18 Тогуздун айы 202217:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны депутат Сүйүнбек Өмүрзаков менен Алишер Эрбаевдин кайым атышуусу менен коштолду. Анда эл өкүлү Эрбаев каралып жаткан документ парламентке кечигип келгенин сындады.

Аталган комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков жогоруда Алишер Эрбаев айткан мыйзам долбоору чындап эле Жогорку Кеңешке кечигип келгенин белгилеп, мунун объективдүү себептери бар экенин айтты.

«Баткен окуясы жана башка себептер да болду. Муну улам кайталоонун кереги жок. Белгилүү себептерден улам биз кароону узартканыбызды айтып жатам. Мен сизге кыргызча түшүндүрдүм. Сиз дагы комитеттин мүчөсүсүз, анда эмне үчүн мыйзамды карабайсыз? Публикага ойногонду токтотуңуз», — деп ачууланды ал.

Алишер Эрбаев мыйзам долбоорун эрте алып келсе болорун айтты.

«Сүйүн Абдылдаевич, сиздин комментарий берүүгө укугуңуз жок. Сиз жыйынд мыйзамдын жана тартиптин чегинде өткөрүңүз», — деди эл өкүлү.

Ага комитеттин төрагасы жыйынды кантип өткөрүүнү үйрөтпөөнү суранды.

Количество просмотров: 581