27-августта Максим Галкиндин жубайы Алла Пугачева Орусияга кайтып келген. Аны менен тартылган видеону дизайнер Игорь Гуляев жарыялаган.
Примадонна Орусиядан Украинада орусиялык атайын операция башталгандан көп өтпөй үй-бүлөсү менен чыгып кеткен. Пугачева «эс алуу жана дарылануу эмиграция болуп эсептелбейт» деп билдирген. Кийинчерээк ал окуу жылынын башталышы менен Израилден кайтууну пландап жатканын маалымдаган
Атайын операция тууралуу ырчы өзү комментарий берген жок. Анын күйөөсү Орусиянын апрель айындагы аракеттерин айыптаган болчу.
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мамлекет башчысы Алла Пугачевага нормалдуу мамиледе экенин билдирген. Кремлдин басма сөз катчысы Путин ырчы менен тааныш экенин эске салды.
Галкин менен Пугачева Орусиядан 2022-жылдын кышында чыгып кетишкен.