• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Пульмонолог: Коронавирустан айыккан адам кайра оорубайт

8 Баш оона 2020 13:33 Бишкек Govori.TV

Коронавирустан айыккан адам кайра оорубайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин  штаттан тышкаркы пульмонологу Талант Сооронбаев брифингде суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, оорудан айыгып чыккан адам вирусту экинчи жолу кайра жугузуп алуу учурлары катталган эмес, бул адамда иммунитеттин пайда болушу менен байланыштуу.

«Бейтап дарыланып чыккандан эки жумадан кийин, башка адамга вирус жуктуруу коркунучу жок. Ошол эле учурда айыккан бейтаптарда бир же андан көп белгилер эки айга чейин сакталышы мүмкүн. Мисалы, алсыздыгы, көкүрөк оорусу, баш оорусу жана башкалар. Бул симптомдор кайра вирус пайда болду дегендик эмес. Аны кайрадан дарылоого зарылчылык жок. Себеби, организмдин калыбына келүүсү узакка созулат. Ал эми, үйгө чыгарылгандан кийин дагы белгилери пайда болуп, адамдын ден соолугу начарласа, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу керек. Анткени, бул башка оорунун белгилерин билдириши мүмкүн. Ошондой эле, өпкөдөгү тактар бир топ убакытка сакталат, андыктан бир айдан кийин компьютердик томография же рентген сүрөттөрүндө белгилери кала берет.  Дарыгер жазып берген сунуштарын так аткарыңыздар”, – деди Сооронбаев.

Количество просмотров: 372