• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Пульмонолог: Сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо мүмкүн эмес

3 Жетинин айы 2020 11:37 Бишкек Govori.TV

Сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Коронавирус илдети менен сасык тумоону айырмалоо мүмкүн эмес экенине ынандык. Бул экөөнүн көбүнчө симптомдору окшош. Маселен, бейтаптын дене табы көтөрүлөт, жөтөлөт, чүчкүрөт, алы кетет, тердейт, кээде ичи өтүп, муундары ооруйт. Бирок коронавирустун сасык тумоодон айырмасы — адам жыт менен даамды сезбей калат. Ошондой эле эки өпкөсү тең пневмония болот. Сасык тумоодо өпкө жабыркаганы белгилүү болуп жатат», — деди дарыгер.

Ошондой эле Сооронбаев өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калып жатканын кошумчалап, жарандарды эрежелерди так сактоого чакырды.

Количество просмотров: 129