• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Пульмонолог: Учурда сасык тумоо тараган жок, элде коронавирустун белгилери болуп жатат

24 Кулжа 2020 10:18 Бишкек Govori.TV

Учурда сасык тумоо тараган жок, элде коронавирустун белгилери болуп жатат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

«Азыркы абал коронавирус инфекциясы күч алып жатканынан гана кабар берет. Жай мезгилинде сасык тумоо менен КРВИ анчейин катталбайт жана өпкөсүнөн жабыркагандар мынчалык көп болбойт. Бир үй-бүлөдөн же топтошкон адамдардан илдет чыгып жатат. Демек, коронавирус элге бат тарап жатат. Азыр бизде ооруп калгандар көчөгө ээн-эркин чыгып, башкаларга жуктуруп жатат. Эгерде илдеттин белгилери байкалса үйдөн чыкпай, башкалардан обочолонуш керек», — деп билдирген ал.


Мындан тышкары, пульмонолог Талант Сооронбаев дарыгер сасык тумоо, КРВИ менен коронавирустун белгилеринин окшоштуктарын жана айырмачылыктарын санап берген.

«КРВИ, сасык тумоо, COVID-19 илдетинин симптомдору окшош. Бейтаптын дене табы көтөрүлүп, жөтөлөт, чүчкүрөт, алы кетет. Кээде тердеп, муундары ооруйт. Бирок коронавирустун айырмасы адам жыт менен даамды сезбей калат. Ошондой эле эки өпкөсү тең пневмония болот. КРВИ менен сасык тумоодо адатта бир өпкө гана жабыркайт», — деди дарыгер.

Пульмонолог жарандарды гигиена эрежелери менен социалдык аралыкты сактоо менен медицина кызматкерлеринин түйшүгүн азайта турганыбызды белгилеген.

Кошумчалай кетсек, коомчулукта коронавирус менен бирге КРВИ жана сасык тумоо дагы тарап жатканын айткандар көп болууда.

Количество просмотров: 6468