• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Путин 9-ноябрда Казакстанга барат

8 Жетинин айы 2023 16:01 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин 9-ноябрда Казакстанга барат. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Расмий маалыматтарга ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн президенттери – Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулашат. Соңунда бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат деп күтүлүүдө.

Казакстанга сапарынын алдында Путин «Казакстанская правда» басылмасына, Токаев Орусиянын «Известия» басылмасына маек берди.

8-ноябрга караган түнү жарыяланган маектерде эки өлкөнүн лидерлери Казакстан менен Орусиянын мамилеси, ошондой эле дүйнөдөгү геосаясий абал тууралуу айтышкан.

Токаев Казакстандын түштүгүндө казак-орус биргелешкен мектептери ачылышы мүмкүн экенин, ошондой эле Астана өлкөнүн Орусия менен чектешкен түндүк аймактарында да ушундай эле мектептердин ачылышына кызыкдар экенин белгилеген.

Путин «Казакстанская правда» басылмасындагы маегинде казак жаштары «орус тилин үйрөнүүгө жана Орусиядан билим алууга кызыгып жатканын» айткан.

«Орус классиктеринин чыгармаларын казак тилине которгон белгилүү казак элдик ойчулу жана агартуучусу Абай Кунанбаев айткандай, «жамандыктан алыс болуп, жакшылыкка жетүү үчүн орус тилин, маданиятын билүү керек». Абай буларды «жашоонун ачкычы» деп атаган», – деген Путин.

Мындан тышкары ал орус тили «жалпы байлык» экенин айтып, эң башкысы ал «орус-казак достугун бекемдөөчү маанилүү фактор экенин» белгилеген.

Токаев өз маегинде бүгүнкү күндө Орусияда 60 миңден ашык казакстандык студент окуп жүргөнүн, бул «орус университеттерине суроо-талап жогору экенин жана алар билим берүүнүн жогорку потенциалына ээ экенин көрсөтүп турганын» билдирген.

Количество просмотров: 87