Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 15-августта өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуусун мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин саламдашуу сөзүнөн, ошондой эле Беларусь премьер-министри Александр Турчиндин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун сөзүнөн кийин сөз Мишустинге берилди.
Ал Кыргызстанга өкмөттөр аралык кеңешти мыкты уюштургандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Өз сөзүндө ЕАЭБдин жетишкендиктерин жана биримдиктин бир катар багыттарын оптималдаштыруу жана өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү «ишенимдин, бири-биринин кызыкчылыктарын сыйлоонун негизинде» көбөйтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи.
«Ишенем, бул ийгиликтерибиздин кепилдиги. Кесиптештер, көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Ошол эле учурда кечирим сурайм: мен Москвага кайтып барышым керек. Билесиздер, бүгүн Аляскада Россиянын президенти Владимир Владимирович Путин менен Американын президенти Дональд Трамптын катышуусунда россия-америка саммити өтөт. Мен Россияда болушум керек. Биздин делегация толук курамда ишин улантат. Сиздерден жыйынды улантууңуздарды суранам. Жыйынтыктуу иш, ийгилик каалайм. Жана жаңы жолугушууларга чейин!» — деп Мишустин кайрылды.
Андан соң Касымалиев менен кол алышып коштошуп, министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиевдин коштоосунда жыйын залынан чыгып кетти.