• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Путин аны сөккөн журналистке жооп берди (видео)

10 Теке 20199:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.07.2019.Govori.TV.

Жекшемби күнү «Рустави 2» телеканалынын алып баруучусу Георгий Габуния эфир учурунда Россия президенти Владимир Путиндин дарегине оозго алгыс сөздөрдү айткан. Россиянын лидери бул окуя боюнча журналисттерге комментарий берди.

Путиндин айтымында, Грузияда Россияга каршы маанайды көбүртүп-жабыртып жатышат. Бул эки өлкөнүн өз ара мамилесине оңбогондой эле зыян келтирет.

«Ал эми Грузияга боло турган санкциялар туурасында айтсам, мен аны жасабас элем. Мен грузин элине болгон сый-урматымдан улам мындай кадамга барбайм. Бирөө чыгып алып, балп этти. Бирок ага каршы чыккандар да болуп жатпайбы. Ошол адамдар үчүн, мамилени калыбына келтириш үчүн өз ара мамилени буза турган нерсени жасабайм», — деди Путин.

Ал эми телеканал менен алып баруучу Георгий Габунияга кылмыш ишин козгоо боюнча суроого алардын деңгээлине түшөйүнбү деген мааниде айтып, «андан ары иштей берсин» деп кошумчалады.

Жекшемби күнү Георгий Габуния «P.S.» деп аталган автордук программасында Россия президенти Владимир Путиндин дарегине жана анын ата-энесине оозго алгыс сөздөрдү айткан.

Булак: sputnik.kg.

Количество просмотров: 27