• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Путин башка мамлекеттер менен “конструктивдүү кызматташтыкты” убада кылды

20 Жалган куран 2018 9:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.03.2018.Govori.TV.
Орусия президенти мындай билдирүүнү бүгүн Москвада 18-марттагы шайлоодо ага атаандаш болгондор менен жолуккан учурунда жасады.
Путиндин ырастоосунда, “Орусия коргонуу жөндөмүн бекемдейт, бирок жарыша куралданууга түшпөйт, башка мамлекеттер менен конструктивдүү карым-катышка умтулат”.
Бул арада ЕККУ Орусия шайлоосунда чыныгы атаандаштык болбогонун айтып чыкты.
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар тобу мындай бүтүмүн 19-мартта Москвадан жарыялашты.
18-марттагы президенттик шайлоо ашыкча көзөмөлдөнгөн укуктук жана саясий кырдаалда өттү. Сынчыл добушка басым жасоо улантылып, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону ачык жана эффективдүү башкарды. Жыйналуу, биригүү, ой-пикир билдирүү боюнча негизги укуктардын чектелиши саясий карым-катыштын мейкиндигин кыскартты, бул чыныгы атаандаштык болбогонуна алып келди, деди ЕККУнун кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын координатору Майкл Жорж Линк.
БШКнын төрайымы Элла Памфилова билдиргендей, бюллетендердин 99,8%саналгандан кийин президент Владимир Путин добуштардын 76,7% алганы аныкталды.
Бул — Путиндин буга чейинки үч шайлоодон алгандарынан да жогору көрсөткүч.
Добуш берүүгө болсо, расмий эсепте, калктын 67,47% же 73,36 миллион киши катышкан.
Көз карандысыз “Голос” уюмунун билдиргенине караганда, алар добуш берүүдөгү 3000дей мыйзам бузуу боюнча маалымат топтоду.
Орусиянын буга чейинки шайлоолордогу бурмалоолорун иликтеген физик жана сандарды анализдөөчү Сергей Шипилкиндин болжолунда, шайлоого катышуу көрсөткүчүн бурмалоо аркылуу Путинге балким 10 миллионго жакын “кошумча” добуш топтолду.
18-марттагы президенттик шайлоого сегиз талапкер катышты, Путиндин башкы сынчысы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный шайлоого киргизилген эмес.
Батыш лидерлеринен ушул сааттарга карата Путинди кайра шайланганы менен француз президенти Эммануэл Макрон куттуктаганы гана расмий кабарланды.
Елисей сарайынын билдиргенине караганда, телефон сүйлөшүүдө Макрон Путинге “Орусияны саясий, экономикалык, демократиялык, социалдык жактан модернизациялоодо ийгилик каалап, аны Париж атагандай “кабыл алынгыс” ууландыруу окуясына аныктык киргизүүгө чакырды.
Орусиянын мурдагы аскерий чалгын офицери Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия Британиянын Солсбери шаарында 4-мартта ууландырылган. Британия бул үчүн Орусияны айыптоодо.

Булак:Азаттык

Количество просмотров: 5