• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Путин чокусуна илинген Украинанын желеги алынды

27 Бугу 202213:21 Бишкек Govori.TV

Путин чокусуна илинген Украинанын желеги алынды. Бул тууралуу альпинист Эдуард Кубатов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, сүрөт жүктөдү.

Маалым болгондой, 26-майда Кыргызстандын альпинизм федерациясынын өкүлдөрү чокуга чыгып, желектерди алмаштырган.

Буга чейин Кыргызстандагы Путин чокусуна Украинанын желеги илингени тууралуу видео социалдык тармакта видео тараган. Ал эми ал видеону тарткан альпинистер милицияга суракка чакырылган.

Владимир Путин атындагы чоку Чүй облусунун Москва районундагы Жар-Таш суусунун башатында жайгашкан. 4446 метр бийиктикте орун алган. Чокуга Путиндин атын берүүнү 2010-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген.

Количество просмотров: 169