• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Путин: Кошумча мобилизация “бүгүнкү күндө кереги жок”

14 Кулжа 2023 9:30 Бишкек Govori.TV

Орусия президенти Владимир Путин шейшембиде блогерлер, орусиялык аскердик кабарчылар менен жолугушууда, акыркы жумадагы украин аскерлеринин чабуулу учурунда Орусиянын жоготуулары Украинаныкынан он эсе аз болгонун жана Киев ийгиликке жетпегенин айтты.

Ошол эле маалда ал каза болгондор менен жараат алгандарын санын атаган жок, бирок орус аскерлери 54 танкынан ажыраганын белгиледи. Ал Украинанын жоготууларын 160 танк жана 360тан ашык бронетехника деп баалады. Путиндин айтымында, бул «чет өлкөдөн келген техниканын болжол менен 25-30% түзөт».

Путиндин ырастоолорун көз карандысыз булактар тастыктай элек — Украина чындап эле чабуул учурунда Орусия сыяктуу эле ондогон техникасын жоготкону аныкталган. Бирок Путин атаган сан тастыкталган жок. Украинанын президенти Владимир Зеленский болсо чабуул учурунда Орусия чоң жоготууга учураганын айткан.

Бул арада Путин бүткүл өлкө боюнча аскердик абал киргизүүнүн мааниси жок экенин айтты. Анын пикиринде, аскерге чакырылгандарды согушка жөнөтүү зарыл эмес. Мобилизациялангандар качан демобилизацияланары белгисиз, Путин аларга эмгек өргүү берилерин айтты.

Орусия президенти кошумча мобилизация “бүгүнкү күндө кереги жок” деп билдирди.

Количество просмотров: 89