• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Путин Медведевге жаңы кызмат сунуштады

16 Үчтүн айы 2020 9:08 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-январда Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуу менен чыккандан кийин премьер-министр Дмитрий Медведевди кабыл алды.

Анда Медведев Путиндин Конституцияны өзгөртүү киргизүү сунуштарына байланыштуу орус өкмөтү отставкага кетерин жарыялады. Медведев өкмөттүн отставкасын президентке керектүү чечимдерди кабыл алууга толук мүмкүнчүлүк түзүп берүү максаты менен түшүндүрдү.

Путин өз кезегинде Медведевге жаңы өкмөт куралгыча милдетин толук аткарып турууну сунуштады. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деген жаңы кызмат түзөрүн, ага Медведевдин талапкерлигин сунуштай турганын билдирди.

Путин Федерация Кеңешиндеги кайрылуусунда өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүп, президенттин айрым ыйгарым укуктарын Мамлекеттик Думага берүүнү сунуштаган.

Орус өкмөтүнүн азыркы курамы 2018-жылы түзүлгөн. Медведев өкмөттү 2012-жылдан бери жетектеп жаткан. 2008-2012-жылдары президент болгон, анда өкмөттү Путин башкарган.

Количество просмотров: 199