• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Путин менен Эрдоган “дан келишими” боюнча сүйлөштү

4 Аяк оона 202322:26 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва койгон шарттар аткарылганда гана Украинанын данын Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол берген келишимге кайтарын билдирди.

Бул тууралуу ал Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен 4-сентябрда Сочиде жолуккандан кийинки маалымат жыйында айтты.

Ал Москва орус агропродукциясын экспорттоого коюлган чектөөлөр алынгандан кийин «дан келишимин» жандандыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууга даяр болорун кошумчалады.

Ал эми Эрдоган Путин менен үч саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин «дан келишими» боюнча чечим жакын арада макулдашыларын билдирди.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 126