23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясына (ЖККУ ЖКК) Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында өттү. Иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин Беларустун президенти Александр Лукашенко тосуп алган.
ЖККУ ЖККнын ишине Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты.
Ал эми саммиттен соң Орусия президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттерин биргеликте узатышкан.