• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулайт

5 Бугу 2021 15:02 Бишкек Govori.TV

Орус президенти Владимир Путин менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон 8-май күнү Москвада жолугуп, кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулайт. Бул тууралуу РИА Новости РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын президенти Кызыл аянттагы Жеңиш парадына да катышат.

Белгилей кетсек, адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, жаңжал 2-3 күнгө созулду. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 189 киши жараат алды. Жүздөй адам дале ооруканада жатат.

Количество просмотров: 626