• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Путин менен Токаев кыргыз элин майрамы менен куттуктады

31 Баш оона 2020 13:47 Бишкек Govori.TV

Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин кыргыз элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго ден-соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүнүү каалады.

«Биз ак ниет коңшу, стратегиялык өнөктөш катары Кыргызстандын мамлекет куруудагы ийгилигин жогору баалайбыз. Сиздин даанышман жетекчилигиңиз астында Кыргызстан жаратман өнүгүү жолу, бардык чакырыктарды, анын ичинде COVID-19 пандемиясын  ишенимдүү жеңип чыгуу боюнча алдыга умтулган аракеттер улантылаарына бекем ишенем.

Азыркы дүйнөдөгү кыйын кырдаалда биздин эки боордош элдин өнүгүүсүндөгү мындан аркы прогресс көбүнесе тарыхый байланыштарыбызды жана өз ара жардамдашуубузду бекемдөөдөн көз каранды. Буга байланыштуу ачык-айкын жана жемиштүү болгон кыргыз-казак саясий, экономикалык жана гуманитардык диалогун кеңейтүүгө мындан ары да көмөктөшүүгө принципиалдуу даярдыгымды тастыктайм.

Эки тараптуу өз ара кызматташууну толук кандуу ишке ашыруу ЕАЭБ алкагындагы евразиялык интеграцияга жана Борбор Азиядагы аймактык кооперацияга да, биздин өлкөлөрүбүзгө да иш жүзүндө пайда алып келет», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековдун жооптуу мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Количество просмотров: 381